Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Ооганстанда 9 полиция кызматкери ок жеди


Ооганстандын Пактия чөлкөмүндө 9 полиция кызматкери уктап жаткан жеринде ок жеп, мерт кетти. Полициянын маалыматына караганда, аткан киши маркумдардын Асадулла деген кесиптеши болушу мүмкүн. Жергиликтүү полиция башчысы Давлат Хандын айтымында, окуя бейшембиге караган түнү болгон. Өлгөндөрдүн бири Ассадулланын бир тууганы деп болжолдонууда. Полициячыларды атып кеткенден кийин ал курал-жарактарын алып качкан. Азыр аны издеп жатышат. Буга чейинки ушул өңдүү кол салууларды полициянын катарына атайлап киргизилген талиптер ишке ашырганы айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG