Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Жапония менен Түндүк Корея кайрадан тирешүүдө


Жапониянын коргоо министри Наоки Танака аскерлерге "керек болсо, Түндүк Кореянын ракетасын атып түшүрүү буйругу берилгенин" билдирди. Министр мындай чара ракета Жапонияны ал ракетадан коргоо үчүн гана көрүлөөрүн айтты.
Пхеньян апрелдин орто ченинде ракета учуруп, орбитага спутник жиберээрин шардана кылгандан бери региондогу чыңалуу кайрадан күчөдү.

Токио, Сеул жана Вашингтон бул иш жүзүндө узун аралыкка учуучу ракетаны сыноо болушу мүмкүн деп чочулашат. БУУнун Коопсуздук кеңеши атомдук куралга ээ Түндүк Кореяга андай сыноолорду жүргүзүүгө тыюу салган. Пхеньян ракета учуруу планы тынчтык максаттарын гана көздөөрүн ырастап, планынан баш тартуу чакырыктарына көнбөй келатат.

XS
SM
MD
LG