Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:20

Венгриянын президенти жума күнкү бардык иш-чаралардан баш тартты


Венгриянын президенти Пал Шмит жума күнкү расмий программасында каралган бардык иш-чаралардан баш тартты. Маалымат каражаттары плагиат чатагына малынган президент кызматынан кетиши мүмкүн деп жазып чыгышкан. Шмиттин басма сөз катчысы ал бүгүн кечинде мамлекеттик телеканалдан чыгып сүйлөөрүн айтып, бирок президенттин кызматтан кетиши тууралуу айың кептерге комментарий берүүдөн баш тартты.

29-мартта Будапешттеги Земмельвайс университети Шмиттин 1992-жылы алган доктор деген наамын кайтарып алган. Доктордук диссертациясынын басымдуу бөлүгүн ал башка бирөөнүн эмгегинен көчүрүп алганы аныкталган. Мамлекет башчы калпыстык кетиргенин четк кагууда. Бирок оппозициялык партиялар аны кызматтан кетүүгө чакырышууда.

Шмиттин санаалашы, премьер-министр Виктор Урбан кызматтан баш тартуу чечимин президент өзү кабыл алаарын айткан. Шмит президенттикке 2010-жылы 5 жылдык мөөнөткө шайланган. Парламенттик Венгрияда президенттин ыйгарым укуктары анча кеңири эмес.

XS
SM
MD
LG