Бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Бишкекке иш сапар менен келет. АКШ мамлекеттик департаментинин интернет сайтында кабарлангандай, 1-3-апрел күндөрү Блейк Бишкекте Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуп, аймактагы коопсуздук жана интеграция маселелери боюнча жыйынга катышат.
27-мартта Дүйшөмбү шаарында өткөн Ооганстан боюнча экономикалык кызматташтыкка арналган аймактык конференцияда Блейк Вашингтондун “Манас” аба майданындагы транзиттик Борбордун келечеги боюнча сүйлөшүү ниетин дагы бир ирет ырастаган. (КЕ)