Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:06

Оогандарды аткан АКШ жоокеринин адвокаты даттанууда


Адвокат Жон Генри Браун.
Адвокат Жон Генри Браун.
Ооганстандын он жети жөн-жай тургунун өлтүргөнү үчүн айыпталып жаткан америкалык сержант Роберт Бейлстин адвокаты Жон Генри Браундун айтымында, өкмөт далилдерди жашырууда жана коргоочу тарап менен кызматташтык жөнүндөгү убадасын аткарбай жатат.

Адвокат белгилегендей, анын тобу Ооганстандагы күбөлөр менен сүйлөшө алган жок:

- Бул иш боюнча прокурорлор бизге көбүрөөк кызматташтыкты убада кылышкан, бирок биз андайды көргөн жокпуз. Маселен, биздин Ооганстандагы кызматкерлер ошол окуянын күбөлөрүнө жолугуу үчүн ооруканага барганда, прокурорлор эртеси келүү керектигин айтышкан. Эртеси күнү барышса, күбөлөрдүн баары ооруканадан чыгып, Ооганстандын ар кайсы аймактарына тарап кетишкен. Муну менен биздин прокурорлорго болгон ишенимибиз бузулду.

Адвокат Браун кошумчалагандай, алар прокурорлордун колундагы тергөө материалдары менен да тааныша элек.

Оогандар менен эл аралык күчтөрдүн мамилесине көлөкө түшүргөн кандуу окуя Кандагар провинциясынын аймагында 11-мартта болгон. Он жети ооганды атып өлтүргөнү үчүн айыпталып, учурда түрмөдө отурган жоокердин иши эми АКШнын аскерий сотунда каралмакчы. (UE)

XS
SM
MD
LG