Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Таиланддагы жарылуудан жети адам өлдү


Бомба өлкөнүн түштүгүндөгү Ялла шаарында бүгүн түштө үч ирет жарылды.

Андан кеминде жети адам өлүп, ондогон киши жаракат алган. Жергиликтүү полиция өкүлдөрүнүн айтымында, ооруканаларга 70тей киши жеткирилген.

Жарылган бомбалардын бири автоунаага, экөө мотоциклдерге катылган экен.

Таиланддын түштүгү козголоңчулар аракеттенген аймак. Козголоңчулардын түпкү максаты белгисиз болгону менен 2004-жылдан бери түрдүү кол салуулардан 5000ден ашуун кишинин өмүрү кыйылды деп эсептелинет.

Таиланддын түштүгүндө малай мусулмандары жашайт жана алар көпчүлүктү түзгөн будисттерден куугунтук жеп, кысым көргөнүнө нааразылык билдирип жүрөт.

Бүгүн Таилланддын түштүгүнүн Ялладан башка бөлүгүндө да эки жарылуу болгону кабарланды, бирок анын кесепеттери тууралуу маалымат түшө элек.
(UE)

XS
SM
MD
LG