Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:44

ӨКМ: Сел жүрүшү мүмкүн


31-марттан 2-апрелге чейинки жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот.

Ушул күндөрү абанын температурасы жогорулап, тоо этектеринде кардын тез ээриши күтүлөт. Ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунушталат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG