Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

1-апрелге карата аба ырайы


1-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Күндүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Тоолуу жерлерде жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 13...18, Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 12...17 градус жылуу, Баткенде түнкүсүн 6...11, күндүз 14..19 градус жылуу болот. Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6...11, күндүз 14..19 градус жылуу, Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...5 градус, күндүз 10...15 жылуу, Нарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 2..7 градус жылуу, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -11..-16, күндүз 0...-5, тоолордо түнкүсүн -8...-13, ал эми күндүз 0..-5 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10 градус жылуу, күндүз 16...18 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG