Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

АКШ: Иранга киргизилген санкция дүйнөлүк базарга таасир берген жок


АКШ Ирандын мунай секторуна киргизилген санкция дүйнөлүк базарга таасир берген жок деп эсептейт. Ак үйдүн соңку билдирүүсүнө караганда, дүйнөнүн мунай базарындагы чыңалуу уланып жатканы менен президент Барак Обама санкцияларды Кошмо Штаттардын өнөктөштөрүнө зыян тийгизбестен киргизүү үчүн чийки мунай жетиштүү деген тыянакка келди.

Мындай тыянак Вашингтонго эми Ирандын мунай секторуна тийиштүү каражаттарды ары-бери өткөргөн чет элдик банктарга каршы санкция киргизүүсүнө мүмкүндүк берет.

Бул кадам өз кезегинде башка өлкөлөрдү Иран менен соодадан баш тартууга мажбурлайт, болбосо алар АКШнын каржы системасынан айыпка кириптер болот.

Бул чара Ирандан мунай сатып алган Кытай, Индия, Түштүк, Корея, Түркия, Түштүк Африка республикасын камтуусу мүмкүн.

АКШнын жаңы санкциялары быйыл 1-июлдан тарта күчүнө кирет.

Буга чейин Ирандан мунай сатып алууну токтоторун Евробиримдик жана Жапония жарыялаган. Евробиримдиктин мунай эмбаргосу да 1-июлдан күчүнө кирүүдө. Ирандан мунай алууну 20 пайызга азайтарын 30-мартта Түркия да жарыялады.

Мунай соодасынан түшкөн акча Ирандын мамлекеттик кирешелеринин 70% түзөт. Батыш өлкөлөрү жогорудагыдай кадамдар Иранды талаштуу өзөктүк программасын токтотууга мажбурлайт деп үмүттөнүүдө.

АКШнын соңку кадамы БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германиянын Иран менен апрелдин орто ченине белгиленген жаңы сүйлөшүүлөрүн утурлай жасалды. Бул Ирандын Батыш менен талашын дипломатиялык жол менен чечүүдөгү өтө маанилүү учур катары бааланууда.
(UE)

XS
SM
MD
LG