Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

Данияр Көбөнов Лондон олимпиадасына жолдомо алды


Ушул күндөрү Астанада өтүп жаткан грек-рим жана эркин күрөш боюнча Азия мелдешинде кыргызстандык балбан Данияр Көбөнов Лондон олимпиадасына жолдомо алды. Бул тууралуу кабарчыбыз Кабыл Макеш Астанадан кабарлады. Буга чейин Азия чемпиону болгон 74 кг. салмактагы Данияр Көбөнов бардык атаандаштарын жеңип, жарым финалда кытайлык балбанды да утуп алды. Эми Көбөнов финалда кореялык спортчу менен беттешет. Лондон олимпиадасына биринчи жана экинчи орунду алган жеңүүчүлөргө жолдомо берилет, ошол себептүү Көбөнов олимп оюндарында Кыргызстандын намысын коргой турганы анык болду.

Астанадагы Азия турниринде Бээжин олимпиадасында күмүш жана коло медалды багындырган Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев жана Азия чемпиону Арсен Эралиев утулуп калышты. Данияр Көбөновду кошкондо Кыпгызстандан Лондонго беш спортчу жолдомо алды.

XS
SM
MD
LG