Бул тууралуу Ооганстанда жашаган кыргыздардын лидери Турду Акун бүгүн премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен жолуккан учурда билдирди. Ошондой эле саламаттыкты сактоо жана этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине көчүрүү маселелерин ортого салды. Өз кезегинде Бабанов керек болгон жардам берилерин белгилеп, тиешелүү органдарга Ооганстанда отурукташкан кыргыздардын маселесин иликтеп чыгууну тапшырды. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, Турду Акун Кыргызстанга Бабановдун чакыруусу менен келген. (КЕ)