Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Таиланддагы жарылуулардан тогуз адам өлдү


Бомба өлкөнүн түштүгүндөгү Ялла шаарында бүгүн түштө үч ирет жарылды.

Андан кеминде тогуз адам өлүп, ондогон киши жаракат алган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жаракат алгандардын жыйырма чактысы ооруканаларда кала берүүдө.

Жарылган бомбалардын бири автоунаага, экөө мотоциклдерге катылган экен.

Таиланддын түштүгү козголоңчулар аракеттенген аймак.

Козголоңчулардын түпкү максаты белгисиз болгону менен 2004-жылдан бери түрдүү кол салуулардан 5000ден ашуун кишинин өмүрү кыйылды деп эсептелинет.

Таиланддын түштүгүндө малай мусулмандары жашайт жана алар көпчүлүктү түзгөн будисттерден куугунтук жеп, кысым көргөнүнө нааразылык билдирип жүрөт.

Бүгүн Таилланддын түштүгүнүн Ялладан башка Паттани провинциясында, азык-түлүк дүкөнүндө да бомба жарылып, андан полиция офицери жеңил жараат алган.
(UE)

XS
SM
MD
LG