Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:45

Орус оппозициясынын Мосвадагы митингинде ондогон активисттер кармалды


Полициянын атайын күчтөрү оппозиция активисттерин кармоодо. Москва, 31-март, 2012-жыл.
Полициянын атайын күчтөрү оппозиция активисттерин кармоодо. Москва, 31-март, 2012-жыл.
Оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, полиция ишембидеги нааразылык акциясын күч менен тараткан кезде алтымыштай активист кармалды.

“Азаттык” радиосунун орус кызматынын маалыматына караганда, Москванын Триумф аянтына 1000дей адам жыйналган. Алардын митингине бийлик тарабынан уруксат берилген эмес.

Демонстранттар Орусиянын шайланган президенти Путинге каршы ураан чакырыктарды айтышкан.

Москванын Пушукин аянтына Солчул майдан кыймылы 100дөй адамды чогултуп, алардын да бир нечеси кармалганы кабарланды.

Санкт-Петербург шаарында да демонстрацияга өткөрүүгө аракеттенгенде, полиция 40тай адамды кармаган.

Орус оппозициясы ар айдын 31-күнү өлкө Конституциясынын тынч жыйналууга укук берген 31-беренесин коргоо үчүн Стратегия-31 деп аталган митингдерди өткөрүп келет. (UE)

XS
SM
MD
LG