Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:31

Египетте шайлоодо жеңген партия президенттикке талапкерин тандады


"Мусулман агаиндер" кыймылынын башкы каржылоочусу болгон Хайрат ал-Шатир президент Мубарактын тушунда 12 жыл түрмөдө олтурган.
"Мусулман агаиндер" кыймылынын башкы каржылоочусу болгон Хайрат ал-Шатир президент Мубарактын тушунда 12 жыл түрмөдө олтурган.
Исламчыл “Мусулман агаиндер” кыймылынын саясий канаты - Эркиндик жана Адилеттүүлүк партиясы президенттикке талапкери катары Хайрат ал-Шатирди атады. Ал - “Мусулман агаиндер” кыймылынын төрага орун басары жана Египеттеги ийгиликтүү ишкерлердин бири.

Аталган кыймылдын алдында түзүлгөн партия Египеттин Хосни Мубарак президенттиктен кулатылгандан кийинки алгачкы шайлоосунда парламенттеги орундардын көбүн алган. Партиянын президенттикке талапкерин көргөзүүсү “Мусулман агаиндер” президенттик шайлоого катышпоо жөнүндөгү мурдагы чечимин кайра карады дегенди билдирет.

Эми исламчыл кыймылдын талапкеринин президенттик шайлоодо жеңишке жетүүсү “Мусулман агаиндер” Египеттин саясий мейкиндигин көзөмөлдөшүнө жол ачылып, ага катар өлкөнүн АКШ жана Израиль менен мамилеси татаалдануусуна алып барышы мүмкүн.

Египеттеги президенттик шайлоонун алгачкы айлампасы майдын соңунда, эгер экинчи айлампа талап кылынса, ал июнь айынын ортосунда өтөрү күтүлүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG