Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:36

Стамбулда “Сириянын достору” тобунун жыйыны өтүп жатат


Анда сүйлөгөн учурунда түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган эл аралык коомчулукту сириялыктардын өзүн-өзү коргоо укугун колдоого чакырды. Батыштын жана араб дүйнөсүнүн алтымыштан ашуун өлкөсүнүн өкүлдөрү Стамбулга Сирия бийлигине Улуттар уюму менен Араб лигасынын тынчтык планын кабыл алып, аткаруусуна кысым көргөзүү үчүн чогулду.

Оппозициядагы Сирия Улуттук кеңешинин төрагасы Бурхан Галион Стамбулдагы жыйынды утурлай эл аралык коомчулукту сириялык козголоңчуларды курал менен жабдууга чакырды.

Ал ошондой эле президент Башар Асаддын өкмөтү БУУ менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннандын тынчтык планын аткаруу убадасын орундарына ишене албасын кошумчалады:

- Араб лигасынын планын кубаттагандай эле, биз Аннандын да планын кубаттайбыз. Анткен менен бизде режим мурдагыларды аткарбагандай эле, бул планды да аткарбай тургандыгында шегибиз жок.

Улуттар уюму менен Араб лигасынын планы урушту токтотулуусун, өкмөт менен оппозициянын сүйлөшүүсүн жана эл аралык гуманитардык уюмдар Сирия аймагына киргизилишин карайт.

Дамаск кечээ оппозицияны "жеңгенин", бирок жоокерлер менен танктар шаарлардан жашоо кадимки нугуна түшкөндө гана чыгарыларын жарыялады.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун маалыматына караганда, кечээги атыштардан 32 адам, анын ичинде 24 жайкын тургун мерт болгон.

БУУнун эсебинде, Сирияда демократияны талап кылган митингдер менен башталып, бир жылдан бери уланып жаткан козголоңдон 9000дей кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG