Бул тууралуу “Азаттыкка” “Замандаш” ассоциациясынын Оренбургдагы өкүлү Урмат Жамгырчиев кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган шаарда Калина-350 дарегинде жайгашкан курулуш объектинде 70тен ашуун кыргызстандык жаран жарым жылдан бери бекер иштеп жүрүшкөн. Бул адамдарды Кыргызстандан алдап алып барып, паспортторун алып коюшкан.
Жамгырчиевдин айтымында, акыркы жолу 17 адам качып чыгып, Краснодардан 150 чакырымдагы бир курулуш объектисинде жашынып жатат:
- Азыр кулчулукта калган 60 адамдын акыбалы өтө эле оор. Алардын паспортторун алып коюшуп, Кыргызстандан келген жол кирени актай элексиңер жана ичкен-жегениңерди актагыла деп бекер иштетип жатышыптыр. Бул адамдардын арасында кыз-келиндер, кош бойлуулар да бар экен. Биз барып абал менен таанышкан соң курулуш ээлери 20дан ашык адамды көчөгө чыгарып салганы дайын болду, - деп билдирди Жамгырчиев.
“Замандаш” ассоциациясынын өкүлдөрү бул боюнча учурда Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги жана Орусиядагы элчиликке кабар беришкен. Ошондой эле учурда Краснодардын полициясына арыз менен кайрылганы да кабарланды.
Ошондой эле Урмат Жамгырчиев Краснодар шаарында эле кулчулукта жүргөн дагы 200гө чукул кыргызстандык тууралуу маалымат бар экенин билдирүүдө.
Буга чеийн 30-мартта Бишкекте он чакты ата-эне мамлекеттен жардам издеп, Орусиянын Краснодар шаарында кулчулукка кабылган уулдарын куткарып берүүнү суранышкан. Алар 500-1000 чакыт кыргыз жарандары учурда Краснодарда паспортун тарттырып жиберип, бекер иштеп, кулчулукта жүргөнүн айтышкан эле.
Бул боюнча ТИМдин алдындагы тышкы миграция кызматы азырынча эч кандай маалымат тарата элек. (BkA)