Оппозиция лидери, Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи расмий эмес эсеп боюнча, өз округунда добуштардын 82% алганын анын Демократия үчүн улуттук лигасынын өкүлдөрү билдирүүдө. Бирок шайлоонун расмий жыйнытыгы чыга элек.
Бүгүнкү добуш берүү Азиянын бул өлкөсүнүн акыркы бир нече жылдагы эң эркин шайлоосу катары мүнөздөлүүдө.
Шайлоо армия колдогон өкмөттүн айрым реформаларынын артынан өттү. Бүгүнкү шайлоонун натыйжасында өлкөнүн 664 орундуу парламентинде бош турган 45 орундун ээлери аныкталат.
Бул шайлоо азыр деле армиянын отставкадагы офицерлеринин тобу көзөмөлдөгөн өлкөдөгү бийлик балансын өзгөртпөйт. Бирок 1990 жана 2010-жылкы шайлоо учурунда үй камагында олтурган оппозиция лидери, 66 жаштагы Аун Сан Су Чжинин айтымында, ал парламентке кирүүгө умтулганына өкүнбөйт. Анткени азыркы добуш берүү элдин саясатка болгон кызыгуусун күчөттү. (UE)