Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Ушул айдан тарта Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттайт


Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын билдиргенине караганда, апрелден тарта күйүүчү майдын наркы 2,5 сомго кымбаттайт. Ырасмий маалыматка ылайык, бул күйүүчү май чыгарган ишканалардын өзүндө баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу. Март айында Орусиядан 34 тонна дизел отун алынып келген жана бир литри 37,5 сомдон 42,5 сомго чейинки баада сатылган. Ассоциация май жетиштүү камдалганын, апрелде айдап-себүү иштерине жете турганын билдирүүдө.

Кыргызстан күйүүчү майды негизинен Орусиядан ташып келет. Бир эле мамлекеттин көзүн карабаш үчүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 29-31-март күндөрү Азербайжандагы иш сапары маалында Бакыдан 250 миллион долларлык инвестиция тартып кара майды кайра иштеткен завод куруу тууралуу сүйлөшүп келди. (EBM)

XS
SM
MD
LG