Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:53

Тоют түгөнгөн жерлерге жем-чөп жеткирүү уланууда


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сатып алган жем-чөптү атайын техника менен жеткирип берүү ишин улантууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө Оштон Чоң-Алайга жана Алайга, Чүйдөн Токтогул, Аксы, Кара-Кулжа, Чаткал, Тогуз-Торо, Чоң-Алай, Алай жана Жалал-Абадга, Нарындан Тогуз-Торого жалпысынан 12 467 түк чөп жана 71 тонна жем жеткирилди.

Ушу тапта Чүйдөн Чоң-Алай, Аксы жана Ала-Бука, Алай, Токтогул, Кара-Кулжа жана Ат-Башыга 16 унаа менен 4 268 түк чөп жана 49 тонна жем жөнөп баратат. (RK)

XS
SM
MD
LG