Тогуз-Торо районунда 1-апрелде Казарман – Актал – Чат унаа жолунун 45-46-чакырымында көлөмү 500м³ кар көчкү түшкөн. Тазалоо иштеринен кийин жол толук ачылды. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Торкент – Толук унаа жолунун 57-чакырымына түшкөн көлөмү 3240м³ кар көчкүнү тазалоого атайын техника тартылып, жол каттам толук ачылды.
Чаткал районунда 30-март күнү Ала-Бука – Жаңы-Базар – Киров унаа жолуна түшкөн кар көчкүнүн кесепетинен жабыркаган электр линиясы оңдолду. Жол каттамы жабык.
Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 10-11-чакырымында тазалоо иши уланууда. Жол каттамы жабык.
Баткендин Кадамжай районундагы Үч-Коргон – Дароот-Коргон унаа жолун тазалоо иштери да улантылууда. Унаа жол бир багытка ачык.
Ош облусунун Ноокат районунда Ноокат – Телман – Кара-Кой унаа жолунун 25-26-чакырымында жол тазаланып жатат, азырынча жабык. Жол тазалангандан кийин электр энергиясы калыбына келтирилет.
Чоң-Алай районунда Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 30-чакырымынан 142-чакырымына чейинки унаа жол бир каттамга ачык.
Алайда Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там унаа жолунун 190-240-чакырымдары бир изге ачык. Унаа жолду тазалоого атайын техника тартылган.
Кара-Кулжада Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында Кара-Кулжа районунун акиминин буйругунун негизинде саат 18:00дөн саат 08:00гө чейин жабык.
Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 352-358-чакырымында көлөмү 1000м³ кар көчкү түшкөн. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Тазалоо иштери аяктап, жол ачылды.
Бул маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдон алынды. (RK)