Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

Укук коргоочулар: Парламентте "Ак жолдун" тушундагыдай окуя болду


Кыргызстандын Укук коргоочулар кеңеши парламентте депутат Пирматов боюнча билдирүү тараткандардын кармалышын кескин сындап, бул окуя "Ак Жолдун" тушундагы заманды элестеткенин айтып чыкты.

29-мартта бир катар жарандык уюмдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин ичине кирип, жыйындар залынын жанынан Пирматов боюнча билдирүүнү таратып жатканда аларды парламент имаратын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Базарбай Мусабеков деген киши кармап алып, сурак уюштурганы айтылууда.

Укук коргоочулар маалымат таратуу укугу Конституциянын 21-беренеси боюнча баарына тең берилгенин, баракча тараткандар парламенттин ишине жолтоо кылбаганын айтып, алардын кармалышы боюнча факт иликтенишин талап кылышты.

28-мартта Кыргызстандын парламенти "Республика" фракциясынан депутат Исхак Пирматовду кылмыш жообуна тартуу үчүн анын кол тийбестигин алуу боюнча Баш прокуратуранын сунушуна макул болбой койгон. 29-мартта Кыргызстандын Укук коргоочулар кеңеши парламенттин Пирматов боюнча чечимин "депутаттар соттун укуктарын энчилеп алды" деп айыптаган.

Прокурорлор Пирматов 2008-2010-жылдары Жалал-Абаддагы "Кыргызмунайгаз" ишканасын жетектеп турганда мамлекетке экономикалык жактан зыян келтирген деп эсептешет. Депутат өзү күнөөсү жок экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG