Бишкек милициясы 30-31-мартта жолдо жүрүү эрежесин бузган айдоочуларды аныктоо үчүн атайын рейд уюштурду. Эки күндө мындай факттын 2185и катталды. Басымдуу көпчүлүгү коопсуздук курун байланбагандыгы үчүн, 167си жолдо баратып телефон менен сүйлөшкөнү үчүн, 131и тиешелүү документи жоктугу үчүн, 16сы унааны мас абалында айдап жүргөнү үчүн токтотулуп, тиешелүү административдик протоколдор түзүлдү. (RK)