Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Атамбаев: Кыргызстан АКШ менен кызматташтык узак болушуна кызыкдар


Кыргызстан АКШ менен узак, өнөктөш жана достук мамиледе болууга кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардымчысы Роберт Блейк менен жолугушууда билдирди. Транзиттик жүк ташуу борбору боюнча маселеге токтолуп Атамбаев 2014-жылдын жай айларынан кийин "Манас" аба майданында аскердик эмес, жарандык жүк ташуу борбору түзүлүшү керектигин айтты.

Роберт Блейк Кыргызстандын Борбор Азиядагы, айрыкча Ооганстанда тынчтыкты орнотуудагы ролун баса белгилеп, АКШнын атынан Атамбаевге ыраазычылык билдирди.

АКШ Ооганстанга транзиттик жүк ташуучу борборго байланыштуу Кыргызстан менен сүйлөшүүгө даяр экенин Роберт Блейк 1-апрелде "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып билдирген. Блейк ошондой эле АКШ үчүн транзиттик борбордон тышкары маңзат жүгүртүүгө, терроризмге каршы күрөш жаатында, экономикалык өнүгүү багытында Кыргызстан менен кызматташтык маанилүү деп билдирди. Ал Бишкекке иш сапар менен кечээ келген. (RK)

XS
SM
MD
LG