"Демократия жана жарандык коом үчүн" уюму депутат Пирматовду кылмыш жообуна тартууга макулдук бербей койгон депутаттардын тизмесин жарыялады. Тизмеде бул маселе талкууланып жаткан кезде Жогорку Кеңештин жыйындар залында катталган депутаттардын жалпы саны, кимиси Пирматовдун кол тийбестигин сактап калууга, кимиси алып салууга макулдугун бергени көрүнүп турат.
28-мартта Кыргызстандын парламентиндеги 89 депутат "Республика" фракциясынан депутат Исхак Пирматовду кылмыш жообуна тартуу үчүн анын кол тийбестигин алуу боюнча Баш прокуратуранын сунушуна макул болбой койгон. Пирматовго карата кылмыш ишин ачуу мыйзам бузуулар менен коштолгону, аны жоопко тартууга негиз жок экени айтылган.
Прокурорлор Пирматов 2008-2010-жылдары Жалал-Абаддагы "Кыргызмунайгаз" ишканасын жетектеп турганда мамлекетке экономикалык жактан зыян келтирген деп эсептешет. Депутат өзү күнөөсү жок экенин айтууда.
Кыргызстандагы Укук коргоочулар кеңеши Жогорку Кеңешти депутат Исхак Пирматовду кылмыш жообуна тартууга уруксатын бербей койгону үчүн айыптап чыккан. Депутаттардын бул кадамы алардын "конституциялык укуктарынан ашыкча пайдалануу, көзөмөлчү да, тергөөчү да, сот да болгусу келгендик" катары бааланган.(RK)