Эртең Кыргызстанга расмий сапар менен Монголиянын президенти Цахиагийн Элбегдорж келет. Ал кыргыз президентинин чакыруусу боюнча келатат. Сапар эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 20 жылдыгына арналат. Монгол жетекчиси 6-апрелге чейин бир катар жолугушууларга, бизнес-форумга катышып, сапарынын соңунда көлгө барат. Эки тараптуу документтерге кол коюлат. (RK)