Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Венгрия президенти “уурулугу” үчүн кызматынан кетти


Президент Пал Шмитт докторлук диссертациясына башка бирөөнүн эмгегин көчүрүп алганы аныкталган соң бүгүн кызматын тапшырып берди. “Баш мыйзам боюнча президент улуттун символу, мага байланыштуу чатак элди бөлүп жарбашы керек. Ошон үчүн отставкага кетүү менин милдетим”, - деп жарыялады Пал Шмитт.

Президент Шмитт 1992-жылы диссертациясын жактаганда эмгектин көпчүлүгүн чет элдик адистердин китебинен көчүрүп алганы аныкталды. Ал 2010-жылы Венгрияга президент болуп шайланган эле.

XS
SM
MD
LG