Жогорку Кеңеште уулуу көмүр боюнча түзүлгөн комиссия 2-апрелде иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башчысы Аман Тентиев баштаган бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери таш көмүрдү алып келүүдө мыйзам бузган деген тыянак чыгарылды.
Депутаттык комиссия 8-февралда түзүлгөн. Энергетика министри Аскар Шадиев бул факт боюнча тергөө аяктаганча кызматынан убактылуу бошотулган. Аман Тентиевге каршы кылмыш иш козголгон.
Былтыр сентябрда Казакстандын Кулан кенинен Бишкек ТЭЦине 8,5 миңдей тонна жана Чүй облусуна миңге жакын тонна көмүр келген. Анын радиациялык фону нормадан 8-10 эсе жогору экени аныкталган. Бул факт боюнча Башкы прокуратура кылмыш иш козгогон болчу. (EBM)