Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Колумбияда козголоңчулар 10 жыл мурда барымтага алган 10 адамды бошотушту


Бул өлкөнүн ультра-солчул козголоңчулары бошоткон адамдардын ичинде алты полисмен бар, төртөө - аскерлер. Өзүн “Колумбиянын революциялык куралчан күчтөрү” деп атаган топ аларды ырайым көрсөткөн таризде бошотоорун быйыл жыл башында эле айткан. Адамдарды бошотуу иши Эл аралык “Кызыл чырым” уюмунун жана колумбиялык ортомчулардын жардамы менен ишке ашырылды. Ал куралчандардын колунда азырга чейин дагы жүздөгөн жайкын тургундар туткунда калып жатканы айтылууда.
Буга чейин Колумбиянын президенти Хуан Мануэль Сантос бул топ менен жарым кылымга созулган жаңжалга чейит коюп, жарашууга барымтадагыларды толук бошотуу негизги шарт болушу керектигин айткан. Андан сырткары, булар баңги менен соода кылганды коюп, зомбулукту токтотуп, жаш балдарды армиясынын катарына алгандан баш тартышы зарыл экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG