Ушу тапта Жогорку Кеңештин алдында Кыргызстандын Беларустагы элчилигин жабуу талабын койгон пикет өтүп жатат. Анын уюштуруучусу - жарандык активист, "7-апрел" кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыровдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бул акция "Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси дагы эле чечилбей жатканына байланыштуу" уюштурулууда.
15-марттан бери Токтонасыров Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында "Бакиевди бергиле же өзүңөр кеткиле!" деген жазуу менен чыгып жаткан болчу. Бирок анын бул талабына белорус тараптан эч кандай жооп болгон жок.
2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте бийликтин саясатына нааразылардын акциясы учурунда токсондой кишиге ок атылган. Өлкөнү жетектеп турган Курманбек Бакиев ошол күнү качып кетүүгө мажбур болгон. Учурда ал Беларуста жашайт деген маалымат бар. Курманбек Бакиев апрел окуясы боюнча сыртынан соттолууда. Бирок ал күнөөсү жоктугун, кандын төгүлүшүнө убактылуу өкмөт жооптуу экенин айтып келет. 2010-жылдын күзүндө башталган бул сот жараяны түрдүү себептерден улам аягына чыга элек. (RK)