Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

Таласта эл ташыган айдоочулар бийликке талабын айтышты


Талас облустук администрациясынын алдында Талас - Бишкек каттамы боюнча маршруттук такси менен эл ташыган айдоочулар нааразылык акциясына чыгышты.

Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, чогулгандардын саны жыйырмадай адам. Алар Казакстандын Таразы аркылуу өтүп иштешет. 2010-жылга чейин кыргыз-казак чек арасындагы Кичи-Капка өткөрүү бекети аркылуу катташчу. Апрел окуяларынан кийин ал бекет жабык тургандыктан Молдо Асан айылы аркылуу өтүүгө туура келүүдө.

"Бирок анын жолу узак жана ыңгайсыз болгондуктан Кичи-Капканы ачуу же Чоң-Капка айылы аркылуу Киров суу сактагычын бойлоп өткөнгө уруксат берүү талабын коюп жатабыз", -дейт кичи автобус айдоочусу Мурат Жусупов.

Пикетчилер менен облустук администрациянын бөлүм башчысы Улук Мухтаров жолугуп, айдоочулардын койгон талабын караштырууга бир жума убакыт кетээрин билдирди. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG