Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:42

Лавров Бишкекте коопсуздук маселесин талкуулайт


Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу боюнча Бишкекке Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров келет. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. 4-5-апрелде Лавров президент Алмазбек Атамбаев жана ТИМ башчысы Руслан Казакбаев менен жолугушат, Кыргыз-Орус Славян университетине жана орусиялык Илим жана маданият борборуна барат. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө негизинен аймактагы коопсуздук, туруктуулук маселелери талкууланат. (RK)
XS
SM
MD
LG