Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Лондон олимпиадасына дагы эки жолдомо бар


Данияр Көбөнов
Данияр Көбөнов

Астанада Лондон олимпиадасына жолдомо ойнотулган Азия турниринде балбандар 2 жолдомо гана алып, максаттарына жетпей калышты.

30-марттан 1-апрелге чейин Казакстандын борбору Астанада грек-рим жана эркин күрөш боюнча жеңүүчүлөргө Лондон олимпиадасына жолдомо ыйгарыла турган Азия мелдеши болду. Бул таймашууда кыргызстандык 18 балбан күч сынашты.

Астанада эркин күрөштөн кыргызстандык жети балбан мөрөй талашып, алардын үчөө жарым финалга чейин жетти. Бирок үчөө тең финалга чыга албай, коло байге менен гана чектелди. Ошентип жети балбандын бирөө дагы Лондон олимпиадасына жолун ача албады.

Эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев жолдомого жетпей калуунун себептерин чүчү кулак кармоодо күчтүү балбандар туш болгонунан көрөт. Генерал Турганбаевдин айтымында, эми балбандар Кытайда жана Финляндияда өтө турган Лондонго жолдомо берүүчү мелдештерде каталыктарды оңдоого аракет кылышат.

- Балбандарыбыз Орусиянын тандалма командасы менен бирге машыгып, Орусияда, чет өлкөлөрдө бир нече эл аралык турнирлерден сындан өтүшкөн. Астанада Лондон олимпиадасына жолдомо алууга балбандардын баары аракет кылышты. Алардан Нурлан Макеналиев (55 кг), Надырбек уулу Улан (60 кг) Иннокентий Иннокентьев (66 кг) жана Магамед Мусаев (96 кг) дурус күрөштү. Эми айрым салмактарда өзгөрүүлөр болот. Кытайда, андан кийин Финляндиядагы турнирлерде 2 жолдомо алууга аракет кылабыз.

Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун пикиринде, балбандардын даярдыгы начар, жеңишке умтулуу, ынтызарлык жетишпейт.

Данияр Көбөнов Лондон олимпиадасына барат

Кыргызстандык спорт күйөрмандарды үмүттөндүрүп турган грек-рим күрөшүнөн жети балбан эле. Бирок алардан Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Данияр Көбөновдон (74 кг) башка алтоо ишенимди актай алышпады.

Астанада өлкө намысын тандалган жети балбан коргоду. Алардан Азия, дүйнө чемпионаттарында мөрөй алып жүргөн балбандар Арсен Эралиев (55 кг), Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев (60 кг) жана Бээжин олимпиадасынын күмүш медаль ээси, Азиянын эки жолку чемпиону Канат Бегалиев (66 кг) Лондон олимпиадасына аз упай айырма менен гана жолдомо албай, арманда калышты.

Лондон олимпиадасына жолдомо алган Данияр Көбөновдун устаты, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Раатбек Мамбетов Астанадагы мелдеш балбандарга чоң сабак, сыноо болгонун айтты.

- Даярдыктар жакшы эле болчу. Эл аралык бир нече мелдештерде балбандарды сынап, такшалуудан өткөн эле. Биз балбандардын кайсы учурда жаңылганын, кемчиликтерин да көрүп, даярдыктын бир аз чийки болуп калганын байкадык. Катаны оңдосо болот.

Мындан беш жыл мурда Бээжиндеги олимпиадада жолдомо албай калганын Данияр Көбөнов эскерип, эми Лондон олимпиадасына катышуучу катары барбай, баш байгеге талапкердин бири болууга аракет кылаарын, быйылкы максаты олимпиада чемпиону болуу экенин “Азаттыкка” билдирди.

Астанада Айсулуу Тыныбекованын жылдызы жанды

Астанадагы эркин күрөш боюнча кыз-келиндердин таймашуусуна кыргызстандык 4 балбан катышты. Алардан 63 кг. салмактагы Айсулуу Тыныбекованын жылдызы жанды. Тыныбекова атаандаштарын жеңип, финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болуп, Лондон олимпиадасына жолдомо алды. Мелдештин шарты боюнча биринчи жана экинчи орундарга ээ болгон балбандарга гана олимпиадага жолдомо берилди.

Балбан кыздардан Айсулуу Тыныбекова ишенимди актаганын башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков “Азаттыкка” айтып берди.

- Балбан кыздарыбыз Астанада 1-апрелде килем үстүндөгү таймашууларга катышты. Жеңил салмакта Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Михрнисо Нурматова аз упай айырма менен утулуп, олимпиадалык жолдомону колдон чыгарды. Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү, Азия оюндарынын коло байге ээси Яна Панова (72 кг) да ишенимди актай албады. Негизги максат финалда жеңүү эмес, финалга чейин жетип жолдомо алуу болчу. Эми буйруса эл үмүтүн актап, олимпиадада татыктуу мелдеш көрсөтүп, байге алууга даярдык көрөбүз.

Эми кыргыз балбандары үмүттү актай алышабы?

Астанада жеңүүчүлөргө олимпиадалык жолдомо ыйгарылган Азия мелдешинин уюштуруучулардын бири, Эл аралык күрөш федерациясынын бюро мүчөсү Даулет Турлыханов бул ирет кыргыз балбандары көңүлүнө толбой калганын сындап, болгону Данияр Көбөновдун даярдыгы дурус экенин “Азаттыкка” айтып берди.

- Астанада жеңүүчүлөргө олимпиадалык жолдомо ыйгарыла турган мелдешке Азия аймагындагы 22 өлкөнүн 750 балбаны күч сынашат. Мында ар бир өлкө 18 жолдомо утуп алууга мүмкүнчүлүк болду. Бирок кыргызстандык 18 балбандын экөө гана Лондон олимпиадасына жолун ачты. Өз жеринде Казакстандын 14 балбаны жолдомо алышты. Кыргыз балбандардын мектеби, чеберчилиги жогору болчу. Бул ирет алардын аракетинен майнап чыкпады. Данияр Көбөнов гана азаматтык кылды. Жеңил салмактагы Арсен Эралиевдин келечеги кең болчудай. Жакшылап таптаса, ошол жигиттен олимпиада чемпиону чыгат.

Астанадагы мелдеште 2 күмүш жана 6 коло медаль

Казакстанда өткөн Азия турниринде Лондон олимпиадасына 2 жолдомо алган спортчудан сырткары, 6 балбан бул мелдеште коло байгенин ээси болушту. Алар: грек-рим күрөшүнөн Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, эркин күрөштөн Магомед Мусаев, Улан Надырбек уулу, Айаал Лазарев жана кыз-келиндер эркин күрөшүнөн Мехринисо Нурматова.

Бул сапар Азия турниринде жолдомо ала албай калган спортчулар, апрель айынын аягында Кытайда жана май айынын башында Финляндияда өтө турган турнирде мөрөй талашып, олимпиадалык жолдомо үчүн күч сынашат.

Лондон олимпиадасына саналуу гана айлар калды. Учурда кыргызстандык спортчулардан алтоо гана Лондон олимпиадасына жолдомо алышты. Алар жеңил атлетчи Юлия Архипова, дзю-до чебери Чингиз Мамедов, таэквондочу Расул Абдураим, балбандардан Данияр Көбөнов менен Айсулуу Тыныбекова жана мерген Руслан Исмаилов олимпиадага даярдык көрүшүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG