Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Талас: Малды асыл тукумдандыруу боюнча жаңы пункттар ачылды


Кыргыз республикасынын айыл чарба жана мелиорация министирлиги тарабынан Талас облусуна бодо малды асыл тукумдандыруу боюнча үч жабдык берилди. Ар биринин баасы 240 миң сом. Бул тууралуу “Азаттыкка” облус губернаторунун басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев билдирди. Буга чейин Таласта бодо малды жасалма тукумдандыруучу 11 жай болгон. Азыркы учурда облуста 65 350 бодо мал бар.(MbA/RK)

XS
SM
MD
LG