Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:50

Бийлик элди кантип бактылуу кылаары талкууланууда


Эл кантип бактылуу болот? Мына ушул маселеге арналган эл аралык жыйын Гималай тоолорундагы Бутан падышачылыгында башталды. Бириккен улуттар уюмунун конференциясына дүйнө лидерлери, экономисттер жана диний лидерлер катышууда.

Максат социалдык жана экономикалык өнүгүүгөдү бакыт сезиминин маанисин аныктоо болуп саналат. Жыйындын катышуучулары канткенде өкмөттөр өз элин бактылуу кыла алаары тууралуу Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ки Мунга анык-так кеп кеңештерин бериши керек.

Бутан падышалыгынын премьер-министри Жиңми И. Тхинлеи билдиргендей, конференцияда айлана-чөйрөнүн абалы жана ресурстарды акыйкат пайдалануу адамдардын өздөрүн бактылуу сезишине кандай таасир тийгизээри да сөзгө алынат.

Жыйынга чакырылгандардын арасында Пан Ки Мундан тышкары, Коста Риканын президенти, Индия, Жапоний, Израил, Марокко, Австралиядан министрлер, Нобел сыйлыгын алган британ экономисти Жозеф Стиглиц жана Колумбия университетинин Жер институнун директору Жефри Сакс да бар.

XS
SM
MD
LG