Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Сирия аскерин чыгарууга макул болду


Кофи Аннан Сириянын өкмөтү 10-апрелге карата аскерлерин шаарлардан чыгарууга макул болгондугун бышыктады. Эл аралык коомчулуктун арачысы билдиргендей, Сириянын президенти Башар ал-Асаддын мындай убадасы козголоңчулар менен ок атышууну 12-апрелге чейин токтотууга жол ачат.

АКШнын Бириккен улуттар уюмундагы элчиси Сюзан Райс "Сириянын бийлигине ишине жараша баа бериш керек" деди.

Анын аралыгында эл аралык Кызыл Чырым соопчулук уюмунун жетекчиси Сириянын баш калаасына келди. Ал жарадарларды алып кетип, карапайым тургундарга эң керектүү азык-түлүк жеткирүү үчүн күн сайын эки сааттан ок атышууну токтотууну суранууда.

XS
SM
MD
LG