Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Кыргызча мыкты сүйлөгөн чет өлкөлүк студенттер таймашат


Кыргыз-Орус Славян университетинде окуган чет өлкөлүк студенттер арасында кыргыз тил боюнча таймаш өтөт. Таймаштын уюштуруучуларынын билдиргенине караганда, студенттердин мамлекеттик тил боюнча гана эмес, кыргыз тарыхы, маданияты боюнча билим деңгээли бааланат.

Сынакка Корея, Кытай, Тажикстан жана Туркмөнстандан келген студенттер катышат. Кыргыз тилинде так, таза сүйлөөсү, тилдин адабий нормаларынын сакталышы бааланат.

Жеңүүчүлөргө дипломдор, баалуу белектер, кыргыз улуттук буюмдар тапшырылат. (RK)

XS
SM
MD
LG