Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Шамшиевдин иштен алынышына журтташтар нааразы


Улуттук Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Чыңгыз Шамшиевдин кызматтан алынышы журтташтардын нааразылыгын жаратты. Шамшиев күтүлбөгөн жерден кызматтан алынгандан кийин Фейсбукта түзүлгөн "Жаштар жаңы кадр саясаты үчүн" деген топко эки миңден ашык киши, негизинен дүйнөнүн ар кыл булуң-бурчунда жашап-иштеп жаткан кыргыздар кошулду.

Анда кыргыз-француз Экотуризм биримдигинин президенти Филип Буазонун тынчсызданган каты жарык көрдү. Францияда макро-экономика боюнча докторлук ишин жактаган Шамшиевдин француз кесиптештери бул институтта Кыргыз жумурияты үчүн маанилүү изилдөөлөр жүргүзүлүп келгени эскертишти.

Айрым маалымат каражаттары премьер Өмүрбек Бабанов Шамшиевди өзүн көтөрмөлөө багытында иш алып баруудан баш тарткандан кийин кызматтан алгандыгын жазышты. Бабановдун маалымат кызматы мындай дооматка жооп берүүдөн баш тартты.

24.кг сайтына ылайык, Стратегиялык институтту жетектөөгө мурда экс-президент Бакиевдин катчылыгында иштеген Мелис Жунушалиев дайындалды.

XS
SM
MD
LG