Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Сириянын өкмөтү шаарлардан аскерлерин чыгара баштаганын билдирди


Кечээ башталган ишти расмий Дамаск эл аралык коомчулуктун тынчтыкты орнотуу талабына жооп иретинде жасап жатканын кабарлады. Ага ылайык, 10-апрелге чейин атышуулар жүрүп жаткан бүт жерден өкмөттүк аскерлер чыгарылышы керек. Өкмөт соңку билдирүүсүндө "турушу зарыл болбогон шаарлардан аскерлер чыгарыла баштаганын" айткан.

Ошол эле маалда оппозиция бул күнү өкмөттүк аскерлер, тетирисинче, аларга каршы чабуулун күчөтүшкөнүн кабарлашты. Бири-бирине каршы келген бул эки башка билдирүүлөрдү азырынча көз карандысыз иликтөөгө мүмкүн болбой жатат. АКШнын Мамлекеттик департаменти аскерлер чыгарыла баштаганы тууралуу эч кандай кабар түшө электигин билдирди.

Атайын чабарман Кофи Аннандын планына ылайык, Бириккен улуттар уюмунун тынчтык миссиясынын байкоочуларын жайгаштырууну сүйлөшүш үчүн атайын топ эртең Дамаскка барат. Эгер баары ойдогудай өтсө, анда Улуттар уюмунун 250дөй байкоочусу абалга көз салыш үчүн Сирияга жөнөтүлөт.

XS
SM
MD
LG