ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

АКШда 114 жаштагы врач Лейла Денмарк дүйнөдөн кайтты

Атлантада жашаган бул аял медицинанын тарыхында эң узак мөөнөт иштеген врач катары белгилүү. Ал 103 жашында гана пенсияга чыккан. Денмарк Атлантада 1928-жылы ачылган балдардын атайын клиникасында биринчи врач-педиатр болгон. Өмүрүнүн аягына чейин ал үйүндө же үйүнө жакын жерлерде иштегенди каалаган экен. Шаардыктар доктор Денмарк күн-түн дебей оорулууларды кабыл алганын, өзгөчө жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына жардамы көп тийгенин айтышат. Денмарк медицина тармагындагы бир топ сыйлыктардын ээси экени да айтылды.
​
XS
SM
MD
LG