Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Монгол президенти кыргыз парламентинде сөз сүйлөйт


Бүгүн Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж Жогорку Кеңешке барат. Парламенттин спикери Асылбек Жээнбеков менен жолугушат, Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөйт.

Монгол президентинин үч күндүк расмий сапары 3-апрелде башталды. Кечээ ал Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча документтерге кол коюлду. Монгол президенти Кыргызстандын өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов менен да жолукту.

Элбэгдорж Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин студенттери менен баарлашат. Андан кийин Ысык-Көлгө барат. (EBM)

XS
SM
MD
LG