Кыргызстандын ар аймагында жайгашкан 25 кесиптик лицейдин жатаканаларында керебет, отургуч, столдор жана төшөнчү жаңыртылат. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Кесиптик билим жана жөндөм өнүктүрүү» долбоорунун маалымат катчысы Айгүл Ештаева билдирди. Жалпысынан 2 651 студенттин орду жаңыртылат. Ошондой эле жатаканаларда эшик-терезеси алмаштырылып, жуунуп-тарануучу жайлар жана жылуулук берүү системасы толук оңдолду. Аталган долбоорду Азия өнүгүү банкы каржылап жатат. (RK)