Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Нарында баш прокурор Салянованы жактаган тынч митинг өттү


3-апрелде Нарын шаарынын борбордук аянтында 100гө чукул жаран тынч митинг өткөрдү. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, митингчилер Жогорку Кеңеш депутаты Исхак Пирматов боюнча кылмыш иши так иликтенишин талап кылып, баш прокурор Аида Саляновага ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча жасалып жаткан аракеттерге каршы тураарын билдиришти. Нааразылык акциясы бир саатча
созулуп, анан чогулган эл тарап кетти.

Баш прокуратура Пирматовду коррупцияга тиешеси бар деп күнөөлөп, кылмыш ишине тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун сураган. Бирок депутаттар кесиптешин прокурорлордон калкалап калып, Салянованы кызматтан кетирүү үчүн кол топтой баштагандары айтылган. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG