Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

ӨКМ жетекчилиги кооптуу аймактарга жөнөп кетти


Республиканын аймагында сел каптоонун алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Мукамбет Касымалиев баштаган ыкчам топ Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлатбек Алимбеков баштаган ыкчам топ Нарын облусуна жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна, Өзгөчө кырдалдар министрлигинин статс-катчысы Таалайбек Темиралиев баштаган ыкчам топ Баткен облусунун аймагына өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында жөнөп кетишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Быйылкы кыш карлуу, жаан-чачындуу болуп, жазында көпчүлүк аймактарды сел каптап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG