Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Жолдошева: Батыров дагы бир балекеттин башынан чыкканы турат


Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борбордун мурдагы жетекчиси, Кыргызстанда июн окуясына тиешеси бар деп айыпталып жаткан Кадыржан Батыров Москвада түзүлгөн уюмга ардактуу президент болуп шайланды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдызкан Жолдошева билдирди. Депутаттын айтымында, ал уюм "Өзбектердин жана Өзбекстандын өзбектеринин эл аралык конгресси" деп аталат. Жаңы түзүлгөн уюмдун президенти болуп Орусиянын жараны, космонавт Салижан Шарипов шайланды.

Алар өзүнчө эсеп ачышыптыр. Конгрессте үч жарым миллиард рубл бар экен. Уюмдун алгачкы жыйыны быйыл 23-мартта Москвада өтүптүр. Эгер бул чын болсо, Алмазбек Атамбаев Ислам Каримов менен сүйлөшсүн. Бул сеператисттер, Салижан Шарипов сепаратистпи, жокпу, айта албайм, бирок Кадыржан Батыров дагы бир балекеттин башынан чыкканы турат”, - деди Жолдошева.

Парламенттеги өкмөттүн өкүлү жана Тышкы иштер министрлиги депутат айымдын бул маалыматы чынбы же жокпу аныктап, депутаттарга кабарламай болушту.

Жалал-Абад облустук соту быйыл 31-январда Кадыржан Батыров боюнча шаардык сот чыгарган өкүмдү күчүндө калтырган. Былтыр 24-октябрда шаардык сот Батыровду өмүр бою эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн толугу бойдон мамлекеттин пайдасына чегерүү чечимин чыгарган болчу. Ал 2010-жылдын май-июн окуяларына байланыштуу этностор аралык араздашууга, массалык башаламандыкка айыптуу делген. Батыров чет элдик маалымат каражаттары аркылуу өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келүүдө. Батыров менен дагы беш киши ар кандай мөөнөттөргө кесилишкен. (RK)

XS
SM
MD
LG