Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

Түркияда 1980-жылкы аскерий төңкөрүштүн лидерлери соттолууда


Анкарада 1980-жылкы аскерий төңкөрүштүн эки башчысынын сотту башталды. Түркия куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын ошо кездеги акими Кенан Эрвен жана аба күчтөрүнүн ошол таптагы командачысы Тахсин Шахинкая 1980-жылы 12-апрелде граждандык өкмөттү кулатып, кылмыш жасады деп айыпталууда. Кенан Эрвен кийин Түркиянын президенти болгон. Генералдардын кутумунан кийин 15 адам атылган, жарым миллиондой адам камалган, жүздөгөн адамдар түрмөдө өлгөн, үч жылдык аскерий режим кезинде ондогон адамдар дайынсыз жоголгон. 94 жаштагы Эркен жана 87 жаштагы Шахинкая саламаттыгына байланыштуу сотко келишпеди. Сот башталганын колдоп, жүздөгөн демонстранттар сот имаратынын жанына чогулду.

XS
SM
MD
LG