Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:55

Тимошенко "Фридом Хаустун" өкүлдөрү менен кездешет


Украин бийликтери Юлия Тимошенкого эл аралык "Фридом Хаус" уюмунун жетекчилери менен кездешкенге уруксат берди. Экс-премьер-министр кызматын натуура пайдаланган деп айыпталып, абакка кесилген жана азыр Харьков шаарына жакын жерде жаза мөөнөтүн өтүүдө. Баш кеңсеси АКШда жайгашкан адам укугун коргоочу уюмдун өкүлдөрү шейшемби күнү Украинанын мурдагы ички иштер министри, азыр Киевде абакта отурган Юрий Луценко менен жолугушту. Луценко да кызматын кыянаттык менен пайдаланган деп күнөөлөнүп, төрт жылга кесилген.

Тимошенко да, Луценко да өздөрүн ак дешип, саясий жүйөдөн улам соттолгонун айтып жүрүшөт. Эки сот өкүмүн саясый айып деп, АКШ жана Евробиримдик сындаган.

XS
SM
MD
LG