Кыргызстандын экс-презденти Роза Отунбаева ушу тапта "Азаттыктын" окурмандары менен өтүп жаткан "интернет-эрөөлгө" катышууда. Дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен окурмандар Роза Отунбаевага суроолорун кыргыз жана орус тилдеринде узатып, жооп алышууда.
"Саясий кырдаалга байланыштуу президенттик карьераңызга чекит коюп койгонуңузга өкүнбөйсүзбү?" деген суроого жооп берип жатып Отунбаева:
"
Өкүнбөйм. Мен Кыргызстандын саясий тарыхында жаңы барак ачып, жогорку кызматтан мыйзам чегинде, өз эрки менен кетсе болоорун көрсөттүм", - деп айтты.
2010-жылдын 7-апрелинде элдик толкундоолордон кийин алмашкан бийлик башына келген Роза Отунбаева убадасын аткарып, 2011-жылдын соңунда президенттигин тынч өткөрүп берди. (RK)
"Саясий кырдаалга байланыштуу президенттик карьераңызга чекит коюп койгонуңузга өкүнбөйсүзбү?" деген суроого жооп берип жатып Отунбаева: