Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Тадич мөөнөтүнөн эрте президенттиктен кетти


Сербиянын президенти Борис Тадич кызматтан ыктыяры менен кеткенин жарыя кылды. Тадич бийликтен мөөнөтүнөн 10 ай мурда кеткендиктен эми 6-майда парламенттик жана президенттик шайлоо чогуу өткөрүлөт. Бул күнү Сербияда жергиликтүү бийликтерге да шайлоо болот. Тадичтин айтышынча, ал кайра президент шайланганга аракет кылат. Талдоочулардын айтымында, Тадичтин кадамы өзү башындагы Демократиялык партиянын парламенттик шайлоодо жеңип чыгуусуна өбөлгө түзөт. Себеби Борис Тадич шайлоочулар арасында абдан популярдуу.

XS
SM
MD
LG