Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:09

Иран Р5+1ге "кыялын" көрсөтүүдө


Ирандын билдиришинче, Батыш өлкөлөрү менен болчу ядролук сүйлөшүү өтчү жай ушул күнгө чейин тандала элек. Ишемби күнү АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү 13-14-апрель күндөрү Стамбулда өтөрүн билдирген эле. Р5+1 формасындагы сүйлөшүүгө бир жагынан АКШ, Британия, Германия, Кытай, Орусия, Франция, экинчи жактан Иран катышат. Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи бүгүн сүйлөшүү Кытайда же Иракта өтүшү ыктымал экеннин айтты. Эртең менен Ирандын Ички иштер министрлиги кездешүүнү Багдадда өткөрүүнү сунуш кылган болчу. Шейшемби күнү Орусия да Иран менен ядролук сүйлөшүү качан, кайда өтөрү белгисиз экенин билдирген. Сүйлөшүү былтыр январда акыркы жолу болгон.

XS
SM
MD
LG