Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Freedom House Украинада Юлия Тимошенконун ден-соолугуна тынчсыздануу билдирди


Дүйнөдө эркиндиктин деңгээлине көз салып турган АКШдагы Freedom House уюму Украинада камакта жаткан мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун ден-соолугу тынчсыздануу жаратат деп билдирди. Шаршембиде уюмдун чабарманы Дэймон Уилсон Харьковдогу түрмөдө Тимошенко менен жолукканда ал тура да, отура да албаганын, төшөктө жатып калганын айтты. Уилсондун айтымында, мурдагы өкмөт башчы түрмөнүн догдурларынан татыктуу медициналык колдоо албай жатат.

Тимошенко премьерлиги учурунда өлкөгө зыянга турган келишимдерге кол койгон деп жети жылга түрмөгө кесилген. АКШ менен Евробиримдик аны саясий себептерден улам камалды деп билишет.

XS
SM
MD
LG